super.kg logo
  Саясат  

Министр Бейшеналиев таанышы аркылуу төмөн ставка менен жумушка кирип алган дарыгерлер бар экенин айтты

 

Бүгүн, 11-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Улукбек Ормонов дарыгерлерди төмөн ставкалар менен жумушка алууга чектөө киргизүүнү сунуштады.

Ал бул ыкма дарыгерлердин эмгек акысын көтөрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

“Кырсык болуп Улуттук госпиталга барып калсам, дарыгерлер мени өздөрү чакырып кагаздарын көрсөтүштү. Колуна тийген айлыгы 11-12 миң сом. Көрсө, алар 0,5 ставка менен иштейт экен. Аймактарда дарыгерлер жетишпей жатса, аларды ким 0,5 ставка менен жумушка алып жатат? Эмне себептен ушундай болуп жатат? Андан көрө 1 ставка менен жумушка алып, жогору айлык менен иштесин. Анда мен силер "жарым күн иштейсиңерби?" десем, "жок, 1 күн" дешти. Негизи 0,5, 0,25 деген ставкаларды жок кылыш керек. Дарыгерлердин айылыгы көп болуп, алар оорулуунун чөнтөгүн карабай тургандай кылышыбыз керек", - деди Ормонов.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мындай ставкалар менен Ош жана Бишкек шаарларында тааныштары аркылуу кирген дарыгерлер бар экенин белгилеп, алдыда дарыгерлердин бардыгын 1 ставка менен жумушка алуу каралып жатканын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: