super.kg logo
  Саясат  

Кокулов кучакташып учурашуу оору жуктурууга шарт түзүп жатканын айтты (видео)

 

Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Эрулан Кокулов элди өбүшүп, кол алышып учурашууну токтотууга чакырды.

Эл өкүлүнүн айтымында күз, жаз айларында вирус өөрчүп, ооруканаларга эл батпай калат. Депутат жугуштуу оорулардын эң башкы себеби катары жакын аралыктан саламдашып учурашуу экенин белгиледи.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги силердин дагы кемчилик бар, бирок эл дагы күнөөлүү болуп жатат. Пандемия маалында эң аз жоготуу Корея менен Японияда болгон. Эмне себептен? Алар бири-бири менен бетинен өөп, колу менен саламдашып учурашышпайт. Ошол себептен вирус эң аз тараган. Ал эми бизде тескерисинче, көчөдөн бетинен өөп, кучакташып учурашасыңар. Күз, жаз мезгилинде 3-балдар ооруканасы менен Жалдагы оорукана бейтаптарга толуп калат. Бул нерсени айтып келе жатканыма 2-3 жыл болду. Элим, балдар өлүп жатат, бардык ооруканада вирус жуктурган балдар. Токтоткула да! Мен түшүнүп жатам салт экен, бирок ал азыркы замандын талабына жооп бербеген салт болуп жатат", - деди Эрулан Кокулов.






11.11.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: