super.kg logo
  Саясат  

"Хандын жолунан". Депутат Мажитова Акылбек Жапаровду мактоого алды

 

Депутат Шарапаткан Мажитова минитсрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду мактоого алды. Ал бүгүн, 11-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кеңейтилген отурумунда өлкөдө экономикалык өсүштөр болуп жатканын белгиледи.

"Хандын колунан, жолунан" дегендей, сиз келгени бюджет көбөйүп, экономикабыз өсүп, көп жакшы иштер болуп жатат. Ишканалар ачылып, мектептер курулуп жатат. Негизи жакшыны дайыма белгилеп, жакшы иштер болуп жатканын айта жүрүш керек. Ар дайым эле жамандыкты айта берсек, бардык аура жамандыкка кете берет. Сиздин командаңызга, сиздин демилгелүү иштериңизге рахмат айтабыз. Негизигиси сиз тайманбастан жоопкерчиликтүү иштерде тобокелге барып жатасыз", - деди Мажитова.

Ошондой эле депутат айым өкмөт башчынын мындан аркы иштерине дагы ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: