super.kg logo

Иранда жылаңач көчөгө чыккан кыздын тагдыры белгилүү болду

 

Иранда жоолукту туура эмес салынганы үчүн куугунтукталганына нааразы болуп көчөдө чечинген ирандык студент Аху Дарьяи психиатриялык ооруканага мажбурлап дарыланууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ирандын илим министри Хоссейн Симаи Саррафтын айтымында, студент азыр үй-бүлөсүнүн колдоосу менен дарыланууда. Кыздын буга чейин психикалык көйгөйлөрү болгон эмес.

Ноябрдын башында кыз Тегерандагы Ислам Азад университетинин алдына нааразылык акциясына чыккан. Кыз аталган университеттин төртүнчү курсунда француз тили жана адабияты багытында окуйт.

Amir Kabir Newsletter студенттик уюму кыз Басиж жарым аскерлештирилген тобунун мүчөлөрү тарабынан куугунтукка алынгандан кийин чечинип алганын билдирген. Алар аялдардын кийимдерин туура кийинүүсүн көзөмөлдөшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: