super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Жалал-Абадды үчүнчү борбор деп атады

 

Бүгүн, 11-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн өлкөдөгү бардык шаарларды өнүктүрүү планы бар экенин билдирди.

"Мына, Ошту экинчи борбор деп жүрдүк эле, эми үчүнчү борбор Жалал-Абад пайда болуп жатат. Токмок бешинчи борбор болот, алтынчы борбор Кара-Балта болот. Биз шаарларды ирет-ирети менен көтөрөбүз. Кыргызстандагы 20 шаарды Бишкектен кем эмес инфрасктуралык абалга келтиребиз", - деди Жапаров.

Өкмөт башчы жакында шаардык кеңешке жаңы депутаттар шайланып келерин белгилеп, алар мэриялар менен тыгыз иштешсе шаарлардын өнүгүшүнө чоң салым кошушарын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: