super.kg logo

Токмоктогу "Гавайи" эс алуу жайында кызды мурдагы күйөөсү уурдай качты

 

Токмокко жакын жердеги "Гавайи" эс алуу жайында кызды уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 10-ноябрь күнү саат 22:45 чамасында "Гавайиде" М. аттуу кызды мурдагы күйөөсү сабап, күч менен унаага салып, белгисиз тарапка качып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында изи сууй электе Audi унаасынын айдоочусу, 1993-жылы туулган М.Р. аттуу жаран кармалган.

Кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: