super.kg logo

Чүйдө жемкорлукка шектелип каттоо кызматынын өкүлү кармалды

 

Аламүдүн районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын кызматкери опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, аталган башкармалыктын кызматкери облустун тургунунан жер тилкесине болгон укукту күбөлөндүргөн документти даярдоо үчүн акча каражатын опузалаганы маалым болгон.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Каттоо тармагынын кызматкери бир нече айдан бери пара катары акча каражатын талап кылып жатканы аныкталган. Андан тышкары, ал арыз ээсинин башка мүлкүнө кызыга баштаган.

Маалым болгондой, ушул жылдын сентябрь айында арыздануучудан ал кызмат абалынан пайдаланып акча каражатын алган. Андан кийин дагы ага үч жолу бөлүп акча каражатын которгон. Ал акыркы акча каражатын алып жатканда кармалган.

Ага өздүк кароо учурунда 20 000 сом табылып алынган. Акыркы он күндүн ичинде эле ага 40 миң сом акча каражаты берилген.

Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Соттун чечими менен кармалган жаран тергөө аяктаганга чейин камакка алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: