super.kg logo

Трамп президенттик кызматка отурары менен Орусия менен Украинаны сүйлөшүүгө чакырары айтылды 

 

Америкадагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Дональд Трамп жаңы президенттик мөөнөтүнүн биринчи күнүндө Орусия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүүлөрдү уюштурарын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анда Трамптын басма сөз катчысы Кэролайн Левитт "эми ал Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтык келишимин түзө алат” деп билдирүү жасаган. Ошондой эле ал Дональд Трамп президенттик мөөнөтүнүн биринчи күнү согушту токтотуу үчүн Украина менен Орусияны сүйлөшүүгө чакыра турганын кошумчалаган.

Трамп буга чейин Украинадагы жаңжалды бир күндө чече аларын бир нече жолу айткан.

Белгилей кетсек, буга чейин Америка тараптын демилгеси менен Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: