super.kg logo

Иш берүүчү жумушчуга кенемте төлөп бербесе айыпка жыгылат. Садыр Жапаров мыйзамга кол койду

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамына кол койду.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, аталган мыйзамдын максаты – жумуш берүүчүлөрдү жана кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдарды кол алдындагы кызматкерлеринин өмүрү жана ден соолугу үчүн жүктөлгөн милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу болуп эсептелет.

Кабыл алынган документте жумушчунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келген учурда жумуш берүүчү жана кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдар аларга кенемте төлөп бербесе, мамлекет тарабынан айып пул салынат. Белгиленген милдетти аткарбаган жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул каралган.

Мамлекет башчы кол койгон мыйзам 2-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: