super.kg logo

Токмокто 37 жаштагы жаран сабалып каза болду

 

Токмок шаарынан адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-ноябрь күнү саат 19:00 чамасында милицияга белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Факты боюнча иликтөө иштери башталып, маркум 37 жаштагы шаар тургуну экени такталган. Ал эми дайындалган соттук-медициналык экспертиза анын денесинен жаракаттарды аныктаган.

Аталган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 34 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Шектүү менен маркум спирт ичимдиктерин ичип отурушуп, ортодо пикир келишпестик жаралып, чырга айланган. Натыйжада 34 жаштагы жаран аны сабап өлтүргөн жана кылмыш болгон жерден качып кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: