super.kg logo

Дональд Трамптын басма сөз катчысы СССР менен байланышы бар модель болушу мүмкүн

 

Акыркы жылдары америкалык саясатчынын штаб-квартирасында иштеген 28 жаштагы экс-модель Элизабет Пипко АКШнын 47-президенти Дональд Трамптын басма сөз катчысы болууга даярданып жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

28 жаштагы модель советтик-америкалык сүрөтчү Марк Клионскийдин небереси. Ал болочок президентти модель болуп иштеп турганда активдүү колдоп келген.

Модельдик карьерасынан кийин ал өзүн саясатка аралаша баштаган. Элизабет Пипко бир нече жылдан бери Трамптын кампаниясында иштейт. Ал буга чейин АКШнын Республикалык партиясынын басма сөз катчысы болуп иштеген.

Элизабет Пипко 1995-жылы 26-июнда СССРден келген эмигранттардын үй-бүлөсүндө туулган. Анын чоң атасы белгилүү советтик-америкалык сүрөтчү Марк Клионский. Ал 1974-жылы Советтер Союзунан Нью-Йоркко эмиграцияланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: