super.kg logo

Абхазиянын президенти башаламандыкка байланыштуу жарандарына кайрылуу жасады

 

Абхазиянын президенти Аслан Бжания оппозициянын нааразылык акцияларына байланыштуу мекендештерине кайрылуу жасады.

Бжания өз кайрылуусунда республикадагы кырдаал бийликтин көзөмөлүндө экенин айтып, чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырды.

"Түнү бою республиканын жетекчилиги бул көйгөйдү чечүү менен алек болду. Менин тапшырмам боюнча жолу жабылган Адзюжба айылынын тургундары менен сүйлөшүүлөр болду. Алар түшүнүү менен кабыл алышты.

Урматтуу мекендештер, мен сиздерди сабырдуулукка чакырып, чагымчылдыкка алдырбоого чакырам", - деди Аслан Бжания видео кайрылуусунда.

Эске сала кетсек, Сухумда нааразылык акциялары 11-ноябрдын кечинде Абхазиянын парламенти “Көп функционалдуу комплекстердин укуктук статусун жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамды кабыл алгандан кийин башталган. Оппозиция бул келишимди ратификациялоого каршы. Алар бул мыйзам Абхазиядагы батирлерди Орусияга сатуу жөнүндө болуп жатат деп эсептейт.

Абхазиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы парламент имаратынын жанында мушташкан бир нече оппозиционерди кармады. Буга жооп иретинде оппозиция Сухумга баруучу үч көпүрөнү бууп салган. Оппозиция камактагы активисттер бошотулмайынча өтмөк жабыла турганын айтууда.

Белгилей кетсек, Абхазия Закавказьедеги жарым-жартылай таанылган мамлекет, грузин-абхаз жаңжалы учурунда Грузиянын эл аралык таанылган аймагында жарыяланган. Республиканын көз карандысыздыгын беш мамлекет (Орусия, Никарагуа, Венесуэла, Науру жана Сирия) тааныган. Ошол эле учурда БУУнун документтеринде Абхазия Грузиянын аймагы катары каралат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: