super.kg logo

Суучулдар Ысык-Көлдөн 2 миң метрден ашык тор чыгарышты 

 

Ысык-Көл облусунун Тоң, Түп райондорунда браконьерлердин мыйзамсыз балык уулоосун текшерүү иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына ылайык, суучулдар 11-ноябрдан 12-ноябрга караган түнү Тоңдон балык кармоочу 18 тор, Түп районунан 5 тор чыгарышкан. Алардын жалпы узундугу 2 миң 300 метрди түзгөн.

ӨКМ жарандарды Ысык-Көлгө аяр мамиле кылууга, таза кармоого чакырат.

"Синтетикалык тор балыктардын денесин кыйып, сууда жашап кетүүсүнө тоскоол болот. Андыктан ар бирибиз Ысык-Көлдүн, тоо көлдөрүнүн экочөйрөсүн сактоого, флора-фаунасын өнүктүрүүгө салым кошолу" - деп билдирген министрлик.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: