Бишкекте 32 метр бийиктиктеги башкы балатыны орнотуу иштери башталды
Бүгүн, 12-ноябрда Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында башкы балатынын темир каркасын орнотуу иштери башталды. Бул туурасында мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, балатыны орнотуу иштери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан жүргүзүлүп, андан соң «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан кооздоо иши улантылат.
Быйыл жаңы жылдык балаты жаңы фонтан комплексинин ортосуна орнотула тургандыгы маалыматта айтылган. Башкы балатынын бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метр.
Мэрия эскерткендей, жаңы жылдык балатыны орнотуу болжол менен 25 күнгө созулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.