Путиндин маалымат катчысы орус лидеринин Трамп менен байланышканын четке какты
Орусиянын президенти Владимир Путин Дональд Трамп менен телефон аркылуу байланышкан эмес. Бул туурасында орус лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттер менен болгон жыйында айткандыгын орус басылмалары жазып чыкты.
Маалымдалгандай, Песков суроолорго жооп берип жатып, мындай маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын кошумчалаган. Ошондой эле кадыр-барктуу маалымат булактары жалган маалыматтарды таратып жаткандыгына таң калган.
Мындан тышкары азырынча Трамп менен байланышууга Путиндин пландары жок экендигин эскерткен.
Белгилей кетсек, The Washington Post гезити Америка тараптын демилгеси менен Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүсү болгондугун жазып чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.