super.kg logo

Шавхат Мирзиёев: "Биз палестиналык балдар менен аялдарды бекер дарылоого даярбыз"

 

Өзбекстан согуштан жапа чеккен палестиналык балдар менен аялдарды бекер дарылоого даяр. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев 11-ноябрда Эр-Риядда өткөн кезексиз араб-ислам саммитинде билдирди.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент Мирзиёев согуштук аракеттерди токтоосуз токтотуу, коопсуз гуманитардык коридорлорду камсыз кылуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо маселелери Бириккен Улуттар Уюмунун жана Коопсуздук Кеңешинин дайыма көңүл борборунда болушу керектигин баса белгиледи.

"Биз согуштан жапа чеккен палестиналык балдарды жана аялдарды Өзбекстандагы клиникаларда бекер дарылоого даяр экенибизди билдиребиз", - деген Өзбекстандын президенти.

Белгилей кетсек, 11-ноябрда саудиялык тараптын төрагалыгы астында өткөн араб-ислам саммитине Жакынкы Чыгыштагы, Борбордук жана Түштүк Азиядагы, Африка континентиндеги алдыңкы өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышкан.

Алар Газа секторундагы жана Ливандагы абалдын оорчулугун жеңилдетүүгө, түзүлгөн кырдаалды тезирээк саясий жактан жөнгө салууга багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүү маселелерин талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: