Ашууларда оор жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөө киргизилди (видео)
Ош–Бишкек унаа жолунда кайрадан оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, учурда кар жаап, жолдорду тазалоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу “Сосновка”, “Чычкан”, “Арал” көзөмөл-өткөрмө жайларынан оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына кайрадан чектөөлөр киргизилди.
"Урматтуу айдоочулар, жолго чыгарда жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырып, унаанын техникалык абалына көңүл буруп, каршы тилкеге чыкпастан, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактап, сөзсүз түрдө дөңгөлөккө оролуучу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну эскертебиз", - деп эскертишти мекемеден.
13.11.2024
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.