Ошто эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү (сүрөт)








Ошто спорт чеберлери ага-инилер Ахмет жана Мухаммед Абитовдордун жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча XI Эл аралык турнир болуп өттү. Бул тууралуу кечээ, 12-ноябрда Ош мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жыл сайын өтүүчү ири спорттук иш-чарага Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 150гө жакын спортчу катышты.
Алар 14 салмактык категорияда күч сынашты.
Белгилей кетсек, мелдештин жеңүүчүлөрүнө Ош шаарынын спорт комитети тарабынан баалуу белектер жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.