super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Щвейцария ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды

 

Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Щвейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Кристоф Годин менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук багыттагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

"Жумакадыр уулу Кыргызстан чет өлкөлөр менен визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жана Кыргыз жарандарынын чет өлкөдө жүрүүсүн жеңилдетүү маселелери боюнча чет мамлекеттер менен макулдашууларды түзүүгө өзгөчө маани берерин белгилеп, кыргыз тараптын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери үчүн визасыз режим киргизүү тууралуу эки тараптуу макулдашууга кошумча протокол түзүү сунушун кароо өтүнүчүн билдирди", - деп жазылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча тыгыз байланышты улантууну макулдашышты.

Маалымат үчүн: Кыргыз өкмөтү менен Швейцария Федералдык Кеңешинин өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык паспорттордун ээлерин визадан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга 2016-жылдын 20-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган.

Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги Франция, Эстония, Латвия, Польша, Чехия, Словакия, Словения өлкөлөрүнө виза берүүгө укуктуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: