super.kg logo

Гарварддын профессору Коттердин “Кырсык тооруган айсберг” китеби кыргызчаланды

 

Гарвард университетинин профессору Жон Коттердин “Кырсык тооруган айсберг” (“Our Iceberg Is Melting”) китеби кыргыз тилине которулду. Бул боюнча "Китепстан" басма үйүнөн кабарлашты.

Ага ылайык, аталган чыгарманы Алтынай Токтоматова кыргызчалаган.

Кырсык тооруган айсберг” тамсили Антарктикадагы император пингвиндердин ийгиликтүү өзгөрүү жараянын чагылдырат. Бул бестселлерде тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө олуттуу көйгөйдү көрө билүү, күчтүү калканыч табуу, багытты так аныктоо, өзгөрүүгө көнбөгөн кежирлердин тилин табуу жана башка алга сүрөгөн бардык кадамдар айтылган", - деп билдиришти мекемеден.

Китептин автору Жон Коттер – менежмент жана лидерлик багыт боюнча адис. Бир нече белгилүү эмгектердин автору. Ал “Кырсык тооруган айсберг” китебин Холгер Ратгебер менен биргеликте жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: