super.kg logo
  Саясат  

Депутат Акаевди көп суммага салынганы жаткан мектептер таң калтырды

 

Бүгүн, 13-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев дээрлик жарым миллиард долларга 9 мектеп куруларына таң калды.

Жыйында Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы тогуз мектеп куруу боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо маселеси каралып жаткан. Анда билим берүү министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев Евразия өнүктүрүү банкынан берилүүчү гранттын жалпы суммасы 400-450 миллион долларды түзөрүн билдирди.

Акаев мектеп курууга көрсөткөн көмөгү үчүн Орусия өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирип, бирок мындай суммага 9дан көп билим берүү мекемелерин салса болорун айтты.

"Албетте, эл аралык стандартка жооп бергени жакшы. Бирок ушунча суммага 9 эле мектеп курабызбы? 30ду куруп койсо болот го. Ошондо 1 мектеп 50 миллион долларга курулабы?" - деди ал.

Супаналиев ар бир мектеп 26 миң чарчы метрди ээлей турганын, ичинде 2 актовый зал, 2 спорт зал, 2 бассейн, лаборатория жана мыкты жабдуулары болорун белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: