Садыр Жапаров Дмитрий Биволго өзгөчө унаа белек кылды (видео)



Президент Садыр Жапаров Дүйнө чемпиону Дмитрий Биволго унаа белек кылды. Бул тууралуу мушкер социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал Инстаграм баракчасына "фантастикалык белек" деген билдирүү менен унаанын сүрөттөрүн жүктөгөн.
Эске салсак, Дмитрий Бивол Кыргызстанга 9-ноябрда келген.
12-октябрда Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында “Жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн чемпиону” наамы үчүн уюштурулган беттеште мушкер Дмитрий Бивол Канаданын атынан чыккан орусиялык мушкер Артур Бетербиевге жеңилип калган.
13.11.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.