Хусийлер АКШнын согуштук кемелерине кол салышты
Йемендин түндүк бөлүгүн башкарган "Ансар Аллах" кыймылы (хусийлер) Араб деңизиндеги америкалык USS Abraham Lincoln авианосецине чабуул коюшту. Бул тууралуу кыймылдын аскерий өкүлү Яхья Сариянын билдирүүсүнө таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда Сария хусилердин аба күчтөрүнүн америкалык учак конуучу согуштук кемеге карата соккусу алар Йеменге каршы операция жүргүзүүгө даярданып жаткандыктан жасалганын белгилеген. Ошондой эле ал Американын Кызыл деңиздеги 2 эсминец класстагы кемесине дагы кол салышканын маалымдаган. Эки кол салуу тең сегиз саатка созулган.
Шииттердин “Ансар Аллах” кыймылы Йемендин Кызыл деңиз жээгинин көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөйт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.