Түндө Жал кичи районунда өрт чыгып, 1 аял каза болду
Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы чыккан өрттөн бир жаран каза болду. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыктады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-ноябрга карган түнү Курчатов көчөсүндөгү ачык аянттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 01:49да 1 бөлүм, саат 01:55те кошумча күч тартылган. Натыйжада тилсиз жоонун кесепети 02:05те толук чектөөгө алынган.
ӨКМ кырсыктан 1 аял киши каза болуп, сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилгенин, ошондой эле 1 эркек киши жабыркап, аны "Тез жардам" кызматы алып кеткенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.