super.kg logo

Милиция Бишкекте Honda Fit унаасы менен түнкүсүн тоноочулукка чыгып жүргөндөрдү кармады

 

Бишкек шаарынын аймагында Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа менен бир катар талап-тоноочулукка барып жүргөнгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 23-октябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал эртең мененки саат 05:30 чамасында Карагач токоюнун аймагында жүргөн белгисиз адамдардын тобуна карата чара көрүүнү суранган.

Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси ( тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышкерлер кылмыштуу аракеттерин Honda Fit үлгүсүндөгү унаа менен жасагандыгы аныкталган. Мындан тышкары, кызматкерлерге борбор калаанын аймагында белгисиз адамдар ушул эле унаа менен шаардыктарды тоноп жатканы тууралуу маалымат болгон.

Жыйынтыгында милиция кызматкерлери 2004-жылы туулган Ж.А., 2001-жылы туулган Т. К. жана 1998-жылы туулган А.Т. аттуу жарандарды кармашкан.

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышкерлер күрөөканаларга өткөрүп берген кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефондор алынган, ал эми түшкөн акча каражаты жеке керектөөлөрүнө жумшалган. Азыркы учурда алардын башка ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда", - деп билдиришти Бишкек ШИИБден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: