super.kg logo

Вьетнамдык 22 жаштагы кыз дүйнөдөгү эң сулуу кыз деп таанылды

 

Дүйнөдөгү төрт негизги эл аралык сулуулар сынактарынын бири болгон “Miss International” сынагын вьетнамдын Хюинь Тхи Тхань Тхюи жеңип алды. Сынактын финалы YouTube каналда түз эфирде көрсөтүлдү.

"Miss International 2024" сынагынын финалы 12-ноябрда Япониянын борбору Токио шаарындагы "Tokyo Dome" стадионунда өттү. Иш-чара дүйнө жүзү боюнча көрүүчүлөргө түз эфирде көрсөтүлдү.

Анда дүйнөнүн эң сулуу кызы наамын 22 жаштагы студент кыз алды. 2022-жылы ал улуттук "Мисс Вьетнам" сынагында жеңүүчү болгон. Кыз эки университетте окуп, модель болуп иштейт. Мындан тышкары ал англис жана корей тилдерин билет.

Белгиленгендей, Хюинь Тхи Тхань Тхюи бул сынакты жеңген алгачкы вьетнамдык кыз болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: