super.kg logo

Жакында Бишкек-Москва поезд каттамы жанданат

 

Ушул жылдын 18-декабрынан баштап Бишкек-Москва жүргүнчүлөрдү ташуу поезд каттамы жанданат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мекемеси кабарлап, билеттин баалары менен бөлүштү.

Кабарга ылайык, каттам Москва шаарынын Павелецкий вокзалына келет.

Бишкектен шаршемби жана ишемби күндөрү чыгып, ишемби жана шейшемби күндөрү Москвага барат. Москвадан жекшемби жана шаршемби күндөрү каттайт.

Билеттердин баасы «Кыргыз темир жолу» мекемесинин кассаларында сатылат. Ал поезд жөнөгөнгө чейин билеттерди сатуу мөөнөтүнө, жүргүнчүнүн жашына, вагондордун категориясына, каттоо түрүнө жана акча алмаштыруу курсуна байланыштуу болот:

Бишкек-Москва каттамы:

  • 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө 11 000 сомдон баштап;
  • 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 5 200 сомдон баштап;
  • 5 жашка чейинки балдарга бекер.

Бишкек-Казань каттамы:

  • 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө 10 000 сомдон баштап;
  • 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 4 700 сомдон баштап;
  • 5 жашка чейинки балдарга бекер.

Бишкек-Новосибирск каттамы:

  • 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө 8 000 сомдон баштап;
  • 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 4 100 сомдон баштап;
  • 5 жашка чейинки балдарга бекер.

Толгураак маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге 24 саат бою кайрылса болот: - мобилдик тел.: 0705 076696 WhatsApp - стационардык тел.: (0312) 30-02-09; 30-03-76.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: