super.kg logo
  Саясат  

"Жакында нефтиден дагы кымбат болот". Депутат Токтошев сууну товар катары сатууну сунуштады

 

Бүгүн, 13-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Суу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Анда депутат Эмил Токтошев убакыт өткөн сайын суу тартыштыгы жаралып жатканын белгилеп, кодекске сууну товар катары карай турган норманы киргизүүнү сунуштады.

"Жылдан-жылга дүйнөдө суу тартыштыгы жаралып жатат. Суунун айынан анча-мынча өлкөлөр согушуп жатат. Биз суунун башында тургандан кийин бардыгын иреттеп, келечекте сууну товар катары сатышыбыз керек. Дүйнөлүк мыйзамда жазылган "суу колдонуучулары акы төлөйт" деп. Биз азыркы кодексти ушундай жазышыбыз керек. Биз сууну сактап, коңшу мамлекеттерге берип жаткандан кийин алар дагы биздин эмгекти, кеткен чыгымдарды дүйнөлүк тартипте төлөп бериши керек. Жакында нефтиден суу кымбат болот. Айткылачы, сууну сатуу боюнча кодекске кандай нормаларды киргизип жатасыңар?" - деди ал.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Алмазбек Сокеев ушу тапта сууну башка ресурстарга алмашуу механизми бар экенин жана башка мамлекеттер менен чогуу пайдаланган канал, дамбаларды бирге каржылоо тууралуу иштер жүрүп келерин, муну алдыда дагы күчөтүү каралганын айтты. Ошондой эле ал Өзбекстан акча каражаты, ал эми Казакстан ирригациялык иштерди бүтүрүп берүү жолу менен компенсация төлөп келишерин кошумчалады.

Эл өкүлү суу өлкөнүн маанилүү ресурсу экенин, өз кезегинде коңшу мамлекеттер өз байлыктарын "рычаг" катары колдонуп жатканын кошумчалады. Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: