super.kg logo

Токмоктогу миллиарддаган сомдук "Темирбетон" заводу мамлекетке өттү (фото)

 

Токмок шаарындагы болжолдуу баасы 5 миллиард 855 миллион сомду түзгөн "Темирбетон" ААКсы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"Темирбетон" ААКсынын акцияларынын 40 пайызы мамлекетке таандык экендиги аныкталып, бирок көрсөтүлгөн үлүш В.П акцияларынын негизги пакетинин ээсинин жалган жактарына мыйзамсыз берилген жана толугу менен жеке менчикке менчиктештирилгени аныкталган.

"Мамлекеттик мүлк фондунун 1992-жылдын 22-декабрындагы №455 токтому менен «Темирбетон» кооперативдик заводу, сметалык баасы 38 миллион 264 миң рубль болгон ачык акционердик коомго айландырылган. 1993-жылы Мамлекеттик мүлк фондуна электр тармактарын куруу менен алектенген чет өлкөлүк ишканалардын биринен "Темирбетон" ААКнын мамлекеттик үлүшүнөн 28 миллион 698 миң сомдук 15 пайыз үлүштү сатып алуу жөнүндө кайрылуу келип түшкөн, бирок аталган каражаттардын мамлекеттик бюджетке түшүүсү тууралуу документ түрүндө тастыкталган маалыматтар жок", - деп билдиришти УКМКдан.

Мында акциялардын мамлекеттик пакетинин калган 25 пайызын 1992-жылдан азыркы учурга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду контролдогон эмес, башкача айтканда, "Темирбетон" ААКсынан алынган пайдадан мамлекетке кандайдыр бир пайда түшкөн эмес.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында акциялардын пакетинин негизги ээси В.П. өз ыктыяры менен объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берген.

Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: