Таласта жеке менчикке мыйзамсыз берилген 900 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды



Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы “Э.А.Х” жоопкерчилиги чектелген коомунун автомектебине мыйзамсыз өтүп кеткен жерди Талас шаарынын мэриясынын балансына кайтарды.
Мекеменин маалымат кызматы берген маалымат боюнча, аянты 5,5 гектар, базар баасы 845 миллион 849 миң 503 сом болгон жер тилкеси мамлекеттин карамагына өттү.
Кошумчалангандай, аталган жер тилкеси Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун аффилирленген жактарына мыйзамсыз берилген. Талас шаарынын мэриясынын кызмат адамдары “А.Т.” автотранспорт ишканасы акционердик коомунун администрациясы менен сүйлөшүп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, “Э.А.Х” ЖЧКсына жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны мыйзамсыз каттап беришкендиги маалыматта кайтылган.
Учурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин кайтарып алууга багытталган тергөө-оперативдүү иш-чаралар улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.