super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Бакуда өткөн COP29 саммитине байланыштуу иш сапарын жыйынтыктады

 
Бүгүн, 13-ноябрда президент Садыр Жапаровдун Баку шаарында Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына (COP29) катышуусу аяктады. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чарага дүйнө жүзүнөн 50 миңге жакын адам, анын ичинде 100дөн ашык өлкөнүн лидерлери катышты. 22-ноябрга чейин созула турган COP29дун негизги темалары - парник газдарынын эмиссиясын азайтуу чаралары, климатты каржылоо маселелери, энергетикадагы технологиялык инновациялар, жаш муундарга билим берүү жана жаштардын климаттын өзгөрүшүнө каршы демилгелерин колдоо.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы 12-ноябрда, улуттук билдирүү жасаган. Анда Париж келишиминин максаттарына жетүү үчүн координацияланган жана каржылык жактан колдоого алынган чараларды көрүүгө чакырды.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы 13-ноябрда Кыргызстан тарабынан Азербайжан жана Монголия менен биргеликте уюштурулган тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча жогорку деңгээлдеги диалогго катышып, сөз сүйлөдү.

Ага улай “Кыргызстан: тоолорду туруктуу өнүктүрүү” аттуу улуттук павильонго барды.

Маалыматта белгиленгендей, Баку шаарында иш сапары жыйынтыктаган өлкө башчысы Садыр Жапаров Бишкек шаарына кайтып келди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: