super.kg logo

"D Billions" тобу YouTube'дун кезектеги бриллиант баскычын алды

 

Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө популярдуу болгон "D Billions" тобунун орус тилдүү каналы YouTube'дун кезектеги бриллиант баскычын алды. Бул тууралуу аталган топтун социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды.

"Биздин орус тилдүү каналыбыз YouTube’дун бриллиант баскычын алды. Бул укмуш жетишкендик жана баары сиздердин колдооңуздар менен мүмкүн болду! Ар бир лайк, комментарий жана катталуу бизди ушул учурга жакындатты. Биз менен болгон бардык колдоочуларга чоң рахмат! Алдыда дагы көптөгөн контенттер жана сонун долбоорлор күтүп турат", - деп жазылат анда.

Белгилей келсек, бриллиант баскыч 1 миллиарддан ашык кароо болгон соң берилет. "D-Billions" ар кандай темада балдардын ырларын аткарган жана анын мазмунун эл аралык аянтчаларга чыгарган музыкалык топ. Чыгармачыл топ мектепке чейинки балдар үчүн ырларды жана көңүл ачуучу, таанып-билүүчү видеолорду чыгарат. Аталган топтун Ютубда англис (32 миллион 200 миң катталуучу), кыргыз (868 миң катталуучу) жана орус тилинде (10 миллион 200 миң катталуучу) каналдары бар.

Музыкалык топ Кыргызстанда алгачкылардан болуп бриллиант баскычка ээ болгон.






14.11.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: