super.kg logo

Бишкекте мурдагы депутат Ирина Карамушкина кармалды

 

“Социал-демократтар” партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкина добуш сатып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек ШИИББинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрда социалдык тармактарында “Социал-демократтар” партиясынын штаб башчысы И.К.нын Д.Ч. аттуу адам менен сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусу пайда болгон. Анда алар ушул жылдын 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добушту сатып алуу маселелерин талкуулашкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) менен кылмыш иши козголду.

"Тергөө жана ыкчам чаралардын жүрүшүндө Т.Р. аттуу жаран "Социал-демократтар" саясий партиясынын расмий өкүлү шайлоо алдындагы штабдын координатору К. И. менен макулдашып, ар бир добуш үчүн 1000 сомдон берүү шарты менен шайлоочулардын добуштарын сатып алууну жүзөгө ашыргандыгы аныкталган.

Көрсөтүлгөн жагдайлар "Социал-демократтар" партиясынын шайлоо алдындагы штабын тинтүүнүн натыйжасында алынган. Анын жүрүшүндө Т.Р. аттуу жаран шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн 15 000 сомдон 30 000 сомго чейинки акча каражатын 40тан ашык адамга бөлүштүрүү жөнүндө тизмени жана процессуалдык тартипте алынган 28 300 сом суммадагы акчаны жок кылууга аракет кылган", - деп жазылат маалыматта.

Аталган кылмыш ишинин алкагында Т.Р. жана К.И. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: