super.kg logo

Бишкекте "Адилет" партиясынын кеңсесинде дагы тинтүү жүрдү (фото)

 

Бишкекте кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1- бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө, И.Н., аттуу жаран "Адилет" саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер А.И. аттуу жаранга добуш сатып алуу үчүн 55 500 сом суммасында акча каражатын өткөрүп бергендиги, ошондой эле 1000 сомдон 2000 сомго чейин 17 жаранга М-банкка акча каражатын которуу жолу менен бергендиги аныкталган.

"Көрсөтүлгөн жагдайлар И.Н. аттуу жарандын үйүн жана "Адилет"саясий партиясынын шайлоо алдындагы штабын тинтүү учурунда алынган документтер менен тастыкталды", - деп билдиришти Бишкек ШИИБден.

Жүргүзүлгөн комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө И.Н. аттуу жаранга кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) кылмыш жасагандыгы боюнча айып тагылган.

"Тергөө иштери жүргүзлүүдө, жыйынтыгы менен бардык катышкан адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилет", - деп кошумчалашты шаардык милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: