super.kg logo

Токмоктогу дагы бир миллиарддаган сомдук завод мамлекетке алынды

 

Токмок шаарында жайгашкан жалпы аянты 1 гектар жана болжолдуу баасы 3 миллиард сомдон ашык "Радиозавод" АТКсы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Токмок шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 15-апрелиндеги № 201 токтому менен «Радиозавод» АТКнын административдик имараты Ы.А. аттуу жаранга сатылып, бүгүнкү күнгө чейин декларацияланган акча каражатын объекттин баасын толук төлөбөй келгендиги аныкталган.

"Негизги сумманы төлөө эсебине 808,4 миң сом жана 550 миң сом өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдүн суммасын гана төлөгөн, калган 7 миллион 534 миң сом төлөнгөн эмес. Ага карабастан Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы процессуалдык талаптарды бузуу менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүп, «Радиозавод” АТКсы ишканасын Ы.А. аттуу жарандын менчигине мыйзамсыз өткөрүп берген", - деп билдиришти УКМКдан.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Ы.А. өз ыктыяры менен «Радиозавод» АТКсын Токмок шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп берген. Андан кийин жаңы шайланган шаардык кеңештин чечими менен объект мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлүп берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: