Крымда унаа өтүүчү көпүрө урап түштү
Крымда темир жолго салынган көпүрө кулап түштү. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Өзгөчө кырдаал Жанкой районунда, Маслово айылына жакын жерде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, конструкция оор жүк ташуучу унаанын салмагына туруштук бере албай урап түшкөн.
Окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. Трафик бөгөттөлгөн.
Окуянын кесепетинен 2 адам жабыркаган. Алардын бири ооруканага жаткырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.