super.kg logo

Атаандаштар тараптан тараган туура эмес маалыматтан улам MBANK укук коргоо органдарына кайрылды

 

MBANK (ААК«Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН») чет элдик интернет-ресурстарда жана телеграм каналдарда банкка карата атаандаштар тараткан жалган маалыматтардан коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине арыз менен кайрылды.

Акыркы күндөрү биз MBANKтын кадыр-баркына шек келтирип, кардарлар менен өнөктөштөрдүн алдында бизди жаманатты кылууга аракет кылган айрым атаандаштар тарабынан уюштурулган маалыматтык чабуулга туш болуп жатабыз. Алар жалган маалымат таратуу менен коомдук пикирди бурмалап, кардарларды өздөрүнө буруу максатына аракет кылышууда.

MBANK бул туура эмес маалыматтын булагы өлкөнүн ичиндеги атаандаштар экенине так ишенет. Белгилей кетчү нерсе, бул маалымат адегенде, шектүү чет элдик интернет-ресурстарда жана Telegram каналдарында пайда болгон, бул маалыматтык чабуулду чыныгы буйрутма бергендерди жана аткаруучуларын жашыруу аракетин билдирет.

Биз бул маалыматтык кампаниянын алкагында таратылып жаткан бардык дооматтарды чечкиндүү түрдө четке кагабыз. Алардын бардыгы жалган жана негизсиз экенин кабарлайбыз. MBANK – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык комплаенс стандарттарын, анын ичинде AML (акчаны адалдоого каршы күрөшүү) жана антисанкция саясатынын негизинде иш алып барат. Биздин ишмердүүлүгүбүз толугу менен ачык-айкын жана тиешелүү органдардын, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрүбүз болгон каржы институттарынын көзөмөлүндө.

Биз дүйнөлүк деңгээлде таанылган, беделдүү банктар жана финансы институттары менен гана кызматташабыз. Анын негизинде MBANK кеңири корреспонденттик эсеп тармагына ээ, бул биздин кардарларга улуттук валюта, АКШ доллары, евро, БАЭ дирхамы, Индонезия рупийи, Кытай юаны жана башка валюталарда эркин которууларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

MBANK – Кыргызстандагы биринчи санариптик экосистемалык банк, ал динамикалуу өнүгүп, банктык жана банктык эмес кызматтардын спектрин тынымсыз кеңейтип, кардарларга эң ыңгайлуу жана жеткиликтүү кызмат көрсөтүүгө умтулат.

MBANK өзүнүн ишкердик репутациясын жана кардарларынын кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына, тактап айтканда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) тергөө иштерин жүргүзүү жана жалган жалаа жабуу үчүн маалыматтарды уюштуруу жана жайылтууга күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен кайрылды.

MBANK барыңыздарды расмий эмес, такталбаган маалымат булактардан алынган маалыматтарды четке кагып, жалаң текшерилген фактыларга маани берүүгө чакырабыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: