super.kg logo

Эрдоган Түркия Израил менен бардык мамилесин үзгөнүн жарыялады

 

Түркия Газа тилкесиндеги согуштан улам Израил менен бардык мамилесин үздү. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдиргенин TRT Haber агенттиги жазды.

"Биз Түркия мамлекети жана өкмөтү катары Израил менен мамилебизди үздүк. Учурда Израил менен эч кандай мамилебиз жок", - деген мамлекет башчысы.

Эрдоган жакында мамилелерди калыбына келтирүү үчүн эч кандай кадам ташталбай турганын баса белгилеген.

Ошондой эле ал Түркия акырына чейин Палестинанын тарабында болорун кошумчалаган.

Палестина-Израил кагылышы башталгандан бери Түркия Тель-Авивдин аракеттерин айыптап, аны палестиналык жарандарды кыргынга учуратканы үчүн күнөөлүү деп келет. Өлкө бир нече жолу ок атышууну токтотууга чакырган. Май айынын башында Түркиянын Соода министрлиги Израил менен соодасын толук токтоткондугун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: