super.kg logo

Орусияда мигранттарга тилди билүү боюнча жасалма сертификаттарды берген деп шектелгендер кармалды (видео)

 

Орусиянын Югра аймагындагы окуу борборлорунун биринде мигранттарга орус тилин билгендиги тууралуу жасалма сертификаттарды берүүнү уюштурган төрт адамды укук коргоо кызматкерлери кармады. Бул тууралуу ТАСС агенттигине Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк билдирди.

"Менин Орусиянын Ички иштер министрлигинен Ханты-Мансийск автономиялык округу Юградагы кесиптештерим жергиликтүү окуу борбору ЖОЖдордун биринин жалданма кызматкеринин жардамы менен чет элдиктерди жасалма тестирлөөдөн өткөргөнүн аныкташкан. Анда билимди текшерүү жүргүзүлгөн эмес. 5 миң рублга чейинки акча үчүн мигранттарга орус тилин, тарыхын жана Орусиянын негизги мыйзамдарын билүү сертификаттары берилген. Учурда 4 шектүү кармалган", - деп билдирген Волк.

Волктун айтымында, жалпысынан 250дөн ашык чет элдик жарандар ушундай жол менен күбөлүктөрдү мыйзамсыз алышкан. Алар бул документтер менен Орусияда андан ары жашап, иштөө үчүн миграцияга каттоого турушкан.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Үч айыпталуучу камакка алынган. Ал эми алардын шериги делген жаранга эч жакка чыкпоо тил каты берилген.






14.11.2024

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: