super.kg logo

Жумгалда жоголгон ата-бала: 49 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

 

Нарын облусунун Жумгал районунда жоголгон 45 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн ,14-ноябрда Ички иштер министрилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кинологиялык борборунун кызматкерлери атайын үйрөтүлгөн иттер менен 11-ноябрда издөө иштерине чыгып, жоголгон жарандын сөөгүн Көкөмерен суусунун боюнан табышкан.

"Кызматтык ит жоголгон жарандын жытын алып, анын сөөгүн тапбылды. Учурда издөө иштери анын уулун табууга багытталды", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 16-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип, дайынсыз жоголгон. Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: