super.kg logo
  Саясат  

Депутат Улан Пиримов атомдук электр станциясын куруп баштоо керектигин айтты 

 

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Улан Примов Кыргызстанда атом электр станциясын куруу керек экенин айтты.

Депутаттын айтымында, өлкөдө калктын саны көбөйүп жатканына байланыштуу учурда жетишсиз болуп жаткан электр энергияга кийин дагы суроо-талап жогору болот. Мындан улам атом электр станциясын куруу маселеси көтөрүлөт.

"Электр станциялар курулуп жатат, бирок булар келечекте муктаждыкты чечеби? Себеби, калктын саны өсүүдө, жаңы ишканалар курулуп жатат, электр энергиясына болгон муктаждык көбөйүп жатат. Биз эртеби-кечпи атом электр станциясын курганга барышыбыз керек болот. 2019-жылы Кызыл-Омпол кени боюнча маселе көтөрүлгөндө, «кенди иштетиш керек» деген депутаттардын бири мен болгом. Бирок анда мени эл душманы кылышкан. Бирок кенди ачуу маселеси туура көтөрүлгөнүн убакыт айгинелеп жатат" - деди эл өкүлү.

Ал эми өкмөт башчы Акылбек Жапаров жакында эле Казакстанда атом электр станциясын куруу боюнча референдум өткөрүлүп, шайлоого катышкандардын 70 пайызы ал демилгени колдогонун айтып өттү. Ошону менен катар Жапаров Кыргызстанда дагы атом электр станциясы келечекте курула турганын билдирди.






Депутат Улан Пиримов атомдук электр станциясын куруп баштоо керектигин айтты

Депутат Улан Пиримов атомдук электр станциясын куруп баштоо керектигин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: