super.kg logo

Израилдин аба күчтөрү Бейрут аэропортуна жакын жерге сокку урду (видео)

 

Израилдин аскер аба күчтөрү Бейруттагы Рафик Харири эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесинен ондогон метр алыс жерге сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Аба соккусу аэропортко жакын Шувейфат Эль-Амрусия аймагындагы көп кабаттуу имаратка урулган. Сокку болгон учурда жарандык учак аэропортко келип конгон.

Бейруттун түштүк четиндеги Гхбейри аймагында бейшемби күнү эртең менен дагы эки аба чабуул жасалган.

Буга чейин эртең мененки саат 04:30да Израилдин учактары Шия районуна үч жолу катуу сокку урган. Борбордун борбордук кварталдарында жардыруулардын үндөрү угулган. Шаршемби күнү түштөн кийин Израилдин учактары Бейруттун түштүк четиндеги алты бутага чабуул жасады. Кийинчерээк, шаршемби күнү кечинде Бурж аль-Бараджне жана Харет Хрейк аймактарында бир катар соккулар болду.






14.11.2024

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: