super.kg logo

Ош облусунда шайлоого карата укук коргоо органдарынын гарнизондук саптык кароосу өттү

 
Бүгүн, 14-ноябрда Ош облусунун ички иштер башкармалыгында 17-ноябрь - жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо күнүнө карата гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, башкармалыктын башчысы Нурланбек Бурканов жер-жерлерде шайлоо өнөктүгү учурунда жарандардын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга бардык чаралар көрүлүп, милиция кызматкерлери өздөрүнө коюлган талап, милдеттерди аткарууга даяр экендигин билдирди.
"Облус аймагында шайлоо өнөктүгү учурунда жалпы 1200дөн ашуун кызматкер коомдук коопсуздукту камсыз кылат. Андан сырткары, коопсуздукту сактоого бир миңге чукул элдик кошуундар жана ички иштер органдарынын ардагерлери тартылат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Ош облусунда 7 аймактык шайлоо комиссиясы, 492 участкалык шайлоо комиссиясы, 58 айылдык кеңеш жана 3 шаардык кеңеш бар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: