super.kg logo
  Саясат  

Темирлан Султанбековду ата-энеси жана жактоочусу таппай жатканын партиялаштары айтып чыкты (видео)

 

“Социал-Демократтар” партиясынын төрагасы Темирлан Султанбековду ата-энеси 12 сааттан бери таппай жатат. Бул туурасында аталган партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев билдирип, видео кайрылуу жолдоду.

Анын айтымында, укук коргоо органдары саясатчыны кайда экендигин айтышпай жатат.

“12 сааттан бери Темирлан Султанбековдун ата-энеси жана жактоочусу аны таппай жатышат. Бишкек ШИИББнын кызматкерлери анын кайда экендигин айтпай жатышат. Мындай жагдай саясатчынын ата-энесин жана жактоочусун кабатырлантып жатат. Укук коргоо органдарын саясатчы менен анын жакындарын байланыштырып коюууга чакырам. Бул анын мыйзам чегиндеги укугу”, - деп билдрген Атамбаев.

Белгилей кетсек, Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы “Социал-демократтар” партиясынын штаб башчысы, экс-депутат Ирина Карамушкинага шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча кылмыш иши козголгонун айтып, анын аудиожазууларын тараткан.

Андан соң аталган партиянын кеңсесинде титүү жүрүп, кийин партиянын төрагасы Темирлан Султанбековду суракка алып кеткендиги айтылган.






14.11.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: