"Ак шумкарлар" БАЭге ири эсепте утулуп калышты
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Бириккен Араб Эмираттары менен кез келип, жеңилүү ызасын тартты.
Оюн кечээ, 14-ноябрда Абу-Даби шаарындагы 42 миң көрүүчү бата турган "Mohammed bin Zayed" стадионунда өтүп, 3:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады.
Муну менен БАЭ курамасы кезектеги үч упайга ээ болсо, Кыргыз курамасы үч упайы менен 5-орунда келе жатат.
Кийинки оюнун Кыргыз курамасы 19-ноябрда Бишкекте Иранга каршы өткөрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.