super.kg logo

Бали аралында жанар тоо атылып, андагы миңдеген туристтер аралда калышты 

 

Бали аралында жайгашкан Левотоби Лаки-Лаки жанар тоосу атылып, миңдеген туристтер аралда калышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, вулкан атылгандан кийин төрт эл аралык аэропортто каттамдар токтотулган. Мындан улам адамдар Бали аралында камалып калышкан.

"12 ички жана 22 эл аралык каттамдар токтотулду. Ал эми аэропорттун аба мейкиндиги азырынча вулкандын атылышынан жабыр тарткан жок", - деп билдирген Денпасара эл аралык аэропортунун башкы директору.

Ошону менен катар учурда суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу авиабилеттердин баасы бир топ жогорулаганы маалым болду.

Ал эми бийликтин берген маалыматы боюнча, Левотоби Лаки-Лаки жанар тоосунун атылышы 3-ноябрда башталган. Аталган жанар тоого жакын жайгашкан аймактардагы 10 миңден ашык тургунду эвакуация кылышкан. Ошондой эле кырсыктан улам 9 адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: