super.kg logo

"Союп, колбасага өткөрүшкөн". Жалал-Абадда мал уурулукка шектелгендер кармалды

 

Аксы районунун аймагында мал уурулук жасаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-октябрь күнү милиция 7 жаран арыз менен кайрылгын. Анда аларга таандык болгон 10 баш мал белгисиз жоголгону айтылган. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Шектүү катары Аксы районунун 40 жана 30 жаштагы тургундары Токтогул районунан кармалып, Аксы РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кармалгандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен иш козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр 10 баш малды талаада жүргөн жеринен кармап, союп, жеңил унаага жүктөп, Токтогул районунда жайгашкан колбаса чыгаруучу цехке алып барып сатышкандыгы аныкталып, алар жасаган иштерин толугу менен моюнуна алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: