super.kg logo

Бишкекте таң атпай кызганычтын айынан үрөй учурган окуя болуп, келин каза болду

 

Бишкекте күйөөсү тарабынан бычакталган келин каза болду. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-ноябрда саат 07:40 чамасында милицияга ооруканадан оор жаракат алган жаран келип жаткырылып, каза тапканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты катоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүү жүргүзүү үчүн милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан. Анда Шералиев көчөсүндө жайгашкан жеке үйлөрдүн биринде 27 жаштагы келинди 34 жаштагы күйөөсү кызганычтан улам бычактап, өзүнө дагы кол салганы белгилүү болгон. Алар туугандары тарабынан ооруканага жеткирилген.

Натыйжада келин алган оор жаракатынан улам эсине келбей каза болгон. Ал эми күйөөсү жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда палатада аны милиция кызматкерлери кайтарууда.

Милиция бул боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: