Москвада такси айдагандар айына канча киреше табары белгилүү болду
Москва шаарында такси айдоочусу болуп иштеген жарандар айына 153 миң рублдун тегерегинде каражат табат. Бул тууралуу Lenta.ru басылмасы Migrant Service платформасы жүргүзгөн мониторингдин маалыматтарына таянуу менен жазды.
Мониторингдин жыйынтыгында, Москва шаарында такси айдоочусу болуп иштеген жарандар орточо эсеп менен айына 152 миң 985 рубль табары аныкталган. Мындай каражатты тапкан такси айдоочулары күнүнө 11 сааттан кем эмес иштешкен.
Ал ортодо Орусияда такси айдоочусу болуп иштөө чет өлкөлүк жарандар үчүн барган сайын көйгөйлүү болуп баратат. Көптөгөн аймактар эмгек мигранттарына тиешелүү лицензияларды берүүгө тыюу салышууда. Ага мисал Сахалин облусу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:17
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.