super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров алдыдагы шайлоодо элди добушун сатпоого чакырды

 

Президенти Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештерди шайлоодо жарандарды активдүү катышууга жана добушун сатпоого чакырды. Ал бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Ош облусунда жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда айтканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы жергиликтүү кеңеш деп кайдыгер карабай, жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү көтөрүп, элге кам көрө турган талапкерлерди колдоо зарыл экенин жана шайлоого катышкан ар бир жаран коом турмушуна чоң салым кошорун белгилеген. Ошондой эле ал шайлоо системасын автоматташтыруунун аркасында добуш берүү процесси ачык-айкын жана ишенимдүү болуп калганын, киргизилген жаңычылдыктар манипуляция жасоого тоскоолдук жаратарын айткан.

Мындан тышкары Жапаров добуш сатуу аракеттери өлкөнүн алдыдагы беш жыл тагдырына таасир этиши мүмкүн экенин эске салып, адилеттүү шайлоо өтүшү үчүн ар бир адам катышуу керектигин баса белгилеген.

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына болгон шайлоо 17-ноябрь күнү өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: